2025-жылдын 28-февралында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев баштаган делегация Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинде иш сапары менен болду.
Университеттер аралык кызматташтыкты бекемдөө, биргелешкен билим берүү жана илимий демилгелерди кеңейтүү максатында болгон иш сапардын жүрүшүндө делегация мүчөлөрү СамМУнун музейине барышып, окуу жайдын тарыхы менен таанышты жана окуу жайдын илимий потенциалын тереңирээк түшүнүү максатында заманбап лабораторияларды көрүп чыкты.
КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев буга чейин ЖОЖдор ортосундагы кызматташтык мугалимдер менен студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашырууга гана багытталган болсо, эми, кол коюлган меморандумунун алкагында илимий изилдөөлөр тармагында өнөктөштүк кеңейип, Борбордук Азиядагы суу ресурстары маселелерине өзгөчө көңүл бурулаарын жана эки университеттин окумуштууларына аймактагы эң маанилүү экологиялык проблемалардын үстүндө иштөөгө мүмкүндүк берээрин белгилеп, «Биздин университеттердин ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлде уланта аларыбызга сыймыктанабыз. Кол коюлуп жаткан меморандум биздин студенттерге жана мугалимдерге, өзгөчө Борбордук Азиядагы суу ресурстары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, – деди.
СамМУнун ректору Рустам Халмударов Самарканд университети ар дайым жаңы демилгелерге жана Борбордук Азиянын алдыңкы университеттери менен кызматташууга ачык экенин, Кыргыз улуттук университети менен меморандумга кол коюу – СамМУнун илим, билим жаатындагы байланыштарын чыңдоодогу маанилүү кадам экенин белгилеп, суу ресурстары боюнча биргелешип иштөө – аймак үчүн чоң мааниге ээ жана биз бул кызматташтык олуттуу натыйжаларды алып келерине ишенээрин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки университеттин мындан аркы кызматташуусунун негизги багыттары да талкууланды:
- биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу
- Борбордук Азиянын экологиясы жана суу ресурстары жаатындагы изилдөөлөр
- Билим берүүгө жаңы технологияларды киргизүү.







