2025-жылдын 24-февралында журналистика жана коммуникация институтунун студенттери Бектурсунова Сумая жана Шарабидинов Курсантбек Казакстандын Коркыт Ата атындагы Кызылорда мамлекеттик университетинде академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алып келишти.
Студенттерди окуу жайдын жетекчилиги – ректордун милдетин аткаруучу Дана Мейрамовна, окуу иштер боюнча проректору Майнура Абилтаевна жана тарбия иштери боюнча проректор Жандос Базартаевич кабыл алышты.
Жолугушууда Коркыт Ата университетинин өкүлдөрү казак-кыргыз элинин маданий жана этностук жактан окшоштугун, эки элдин достугун белгилеп, кыргызстандык студенттердин окууларына ийгилик каалашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө суроо-жооп иретинде маалымат алмашуу орун алды. Өз кезегинде Ж.Баласагын атындагы КУУдан келген делегация ректор Д.Т. Чонтоевдин Коркыт Ата университетине жолдогон саламын жана белектерин тапшырышты.
Белгилей кетсек аталган окутуу бир жумага созулуп, ага Улуттук университеттин журналистика жана коммуникация институтунун, сициалдык-гуманитардык илимдер институтунун, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери катышышты.
(С) Перизат Джаныбекова – адис, Бектурсунова Сумая – 2-курс

