- 3-февраль күнү “Инсандык өнүгүү” жаштар клубу тарабынан университеттер аралык “Акыл ордо” интеллектуалдык оюнга жатакана студенттери катышып келди.
- 6-февраль күнү ректор жатаканада жашаган студенттердин жашоо шарттары менен таанышты.
- 14-февраль “Китеп белекке берүү” күнүндө жатаканада чакан иш-чара уюштурулду. Иш-чарада студенттер бири-бирине китеп белек кылышып о.э. сүйүү кутучасын дагы уюштурушту.
- 15-февраль күнү “Билим Тал” коомдук бирикмеси тарабынан университеттер аралык “Билимдүү Муун” интеллектуалдык акыл таймашында жатакананын “Жетинин биримдиги” командасы жакшы ийгилик жаратып келишти.
- 15-февраль күнү жеңил атлетика боюнча КРнын чемпионатында №7 жатакана жашоочусу Талантбекова Алина 189 спортчунун ичинен 4-келип , жакшы ийгилик жаратып келди.
- 22-23-февраль күндөрү Джиу-Джитсу боюнча КРнын чемпионатында Кубанычбек кызы Жанетта 70 кг салмакта 3-орунга ээ болду.
- 25-февраль күнү “Инсандык өнүгүү КУУ” уюму тарабынан өткөрүлүп жаткан “Спорт-өмүр булагы” аттуу волейбол оюнунда жатакана кыздары Ӏ орунга ээ болушту.
- 26-февраль күнү “Жигит султаны” аттуу жатакананын балдары арасында конкурс болуп өттү. Конкурска ар бир кабаттан 2ден бала чыгып , жалпысынан 8 катышуучу болду. 1-орунду алган катышуучу атайын “Жигит султаны” деген лента менен ошондой эле “Интернет жылдызы” деген лента менен сыйланышты. Ошондой эле ар бир катышкан конкурсанттарга грамоталар ,белектер берилди.
- 27-февраль күнү “Кош дегим келбейт” кино жатакананын студенттери үчүн коюлду. Кинонун режиссёру жана автору Болсун Расылбеков келип студенттер менен жолугуп, маек куруп кетти.
(С) Жакшылык к. Асель – комендант












