2025-жылдын 25-февралында юридикалык колледжде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (КР ИИМ ЖКККББ) жана Бишкек шаардык патрулдук милиция кызматынын өкүлдөрү студенттер менен жолугушту. Иш-чарада жол кырсыктарынын себептери, жол эрежелерин сактоо жана жолдо жүрүү маданиятын калыптандыруу маселелери талкууланды.
Жолугушууга КР ИИМ ЖКККББ штабынын башчысы, милициянын подполковниги Бахрам Сайтходжаев, ардагерлер Калысбек Темиров жана Сардаев Кенешбек Шаршеевич, ошондой эле Бишкек шаардык ИИБнин тиешелүү бөлүм башчылары катышты.
Юридикалык колледждин директору, ю.и.д. Данияр Сардарбекович иш-чараны ачып, жол коопсуздугу ар бир жарандын жоопкерчилиги экенин белгиледи. Андан соң КР ИИМ ЖКККББнын штабынын башчысы, милициянын подполковниги Бахрам Сайтходжаев жана кызматкерлер айдоочулардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн жоопкерчилиги, жол эрежелерин сактоо зарылдыгы тууралуу сөз сүйлөшүп, студенттерге тажрыйбаларынан мисалдарды келтиришти.Ошондой эле, Бишкек шаардык патрулдук милиция кызматынын пресс-кызматынын инспектору, милициянын лейтенанты Таалайбеков Мирлан Таалайбекович жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодогу иш-чаралар, мыйзам бузууларга карата чаралар боюнча маалымат берди.
Жолугушуунун соңунда студенттер кызыккан суроолорун берип, тиешелүү жоопторду алышты. Колледждин жетекчилиги келген конокторго ыраазычылык билдирип, студенттерди жол эрежелерин сактоого чакырды.
(С) Тумаров Харсан – тарбия иштери боюнча директордун орун басары







