2025-жылдын 28-февраль күнү Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесине карата жарыяланган “100 жылдыкка 100 кабинет” долбоорунун алкагында чет тилдер институтунда “Француз тили” кабинети ачылды.

Француз тили кафедрасынын бүтүрүүчүлөрү тарабынан каржылаган кабинеттин ачылыш аземине Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай, КУУнун илимий иштери боюнча проректору Мирлан Дылдаев, чет тилдер институтунун директору Кенжебай Уметов жана Бишкектеги Француз Альянсынын директору Гузель Ишенова катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар кыргыз-француз билим берүү жана маданий кызматташтык мамилелерин мындан дагы кеңейтүү боюнча пикир алышып, тил үйрөтүү жагынан биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Француз тили кабинетинде студенттерге билим алууга ыңгайлуу шарт түзүлдү.

Кабинеттин ачылыш аземине о.э. Франция элчилигинин атташеси Этьен Лансло, Париж 1 Пантеон-Сорбонна университеинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн орун басары Антуан Девуку дю Бюисон жана аталган университеттин лектору Ксавье Нера мырзалар, о.э. кыргыз-европа факультетинин деканы Анара Камалова, эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Нургүл Казак кызы жана профессорлор Мария Акчекеева менен Ырысбүбү Бейбутова келишти. 

(С) Байболотова Ж.Т. – жетектөөчү адис – курстун менеджери

Добавить комментарий