2025-жылдын 18-февралында профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Аскар кызы Жылдыз К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин 2-3-курс студенттерине “Окуучулардын оозеки кебин өстүрүүдө улуттук баалуулуктарды колдонуунун мааниси” деген темада конок лекция өтүп келди. Лекцияга педагогика кафедрасынын окутуучулары да катышышты.

Азыркы ааламдашуу доорунда сүйлөшүү, баарлашуу маселеси мектептеги педагогикалык-методикалык проблеманын чегинен чыгып, бүтүндөй жашоонун, ишмердүүлүктүн, коомдун, коомдук мамилелердин, башкаруунун ж.б. иш-аракеттердин деӊгээлине чейин көтөрүлгөн көйгөйгө айлангандыгы белгилүү. Лекцияда бул маселе тууралуу кеңири маалыматтар берилип, улуттук баалуулуктарды окуучулардын оозеки кебин калыптандырууда пайдалануунун ык-жолдору сунушталды. Сабакта макалдарды пайдалануу, сөздүк дептерлерди түзүү сунуштары студенттердин кызыгуусун арттырды.

Студенттер менен бүгүнкү күндөгү кыргыз тилине болгон мамиле, улуттук баалуулуктар, баарлашуу тууралуу жандуу пикир алышуулар лекциянын мазмундуу болушуна өбөлгө болду.

Лекциянын аягында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун педагогика факультетинин деканы, ф.и.к., доцент А.Анапияева лекторго “Ыраазычылык кат” тапшырды.

Иш сапардын жүрүшүндө К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети жана Кара-Кол шаардык билим берүү департаменти менен академиялык мобилдүүлүк боюнча келишим түзүү боюнча макулдашуулар болду.

(С) Аскар кызы Ж. – профессор К.Иманалиев атындагы ФББТ кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент

Добавить комментарий