2025-жылдын 22-февралында Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Конфуций институту өзүнүн 15 жылдык мааракесин салтанаттуу түрдө белгиледи.
Иш-чарага Билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Аманбаева Лира Самыкбаевна, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кеңешчиси Ли Баоцзе, КУУнун ректору Чонтоев Догдурбек Токтосартович, жана университет жамааты катышты. Ошондой эле Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлору, институттардын директорлору, жетекчилер, орто мектептердин директорлору, ошондой эле Кыргызстандагы кытай ишканаларынын жана бирикмелеринин урматтуу өкүлдөрү да конок болушту.
Салтанаттуу азем Конфуций институтунун 15 жыл ичиндеги жетишкендиктерин чагылдырган видеотасма менен башталды. Андан соң Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Аманбаева Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору Жылдыз Усенбаевага «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин, ал эми институттун кытай тараптан директору Чен Чжегуо мырзага министрликтин Ардак грамотасын тапшырды.
15 жылдык мааракенин урматына Конфуций институтунун класстарынын жана борборлорунун окуучулары кытай күрөш өнөрү – у-шуну, кыргыз жана кытай улуттук бийлерин, ажыдаар бийин жана башка кызыктуу номерлерди тартуулашты.
Мындан сырткары, 15 жылдык маараке жана Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине карата Конфуций институтунун директорлору Усенбаева Жылдыз жана Чен Чжегуо китеп бет ачарын өткөрүштү. Китеп Кытайдын тарыхы, адабияты, искусствосу жана салттуу каада-салттары тууралуу кеңири маалымат берип, окуучуларга кытай маданиятын терең түшүнүүгө көмөк көрсөтүүнү көздөйт.
Конфуций институту эки өлкөнүн билим берүү, маданият жана башка тармактардагы кызматташтыгын тереңдетүүгө жигердүү салым кошуп, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы маданий алмашууну мындан ары да чыңдоого умтулат.
(С) Усенбаева Жылдыз – Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору





