2025-жылдын 24-январь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда илимий-техникалык кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Жыйындын башында ИТК төрагасы, илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев кворумду текшерип, күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, илимий-техникалык кеңештин отуруму өз ишин баштады.

Күн тартибинин биринчи маселеси болгон “Докторанттардын PhD диссертацияларынын темаларын жана илимий жетекчилерин бекитүү, о.э. кээ бир докторанттардын PhD диссертацияларынын темаларын өзгөртүү” жөнүндө Досалы Иманбердиев маалымат берди.

“Аспиранттардын/изденүүчүлөрдүн кандидаттык/докторлук темаларын жана илимий жетекчилерин/кенешчилерин бекитүү жана өзгөртүү”, “Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн 2024-жылда аткарган иштеринин отчетун угуу жана аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн 2025-жылда аткара турчу иштеринин планын бекитүү жөнүндө” Нуржан Джумагазиева билдирүү жасады.

 Отурумдун жүрүшүндө андан сырткары:

  • фундаменталдык илимдер институтунун планы бекитилди (Эсенкулов Н.Ж.).
  • Ж.Баласагын атындагы КУУда ички гранттарга негизделген илимий-изилдөө долбоорлорунун жарым жылдык отчетун угуу (долбоордун жетекчилери).
  • э.и.д., профессор А.А.Саякбаеванын илимий мектебин ачуу тууралуу.
  • жоборлорду бекитүү (А.К.Шайылдаева, Н.К.Джумагазиева). 
  • Н.Ш.Кадыралиеванын “Высшее историческое образование Кыргызстана 1932-1991 гг.”, Т.Т.Каракеев менен Ж.Т.Бугубаеванын “Регуляризация и численное решение интегральных уравнений Вольтера третьего рода”, Т.Т.Каракеев менен Д.К.Рустамованын “Методы решения нелокальных краевых задач для дифференциальных уравнений в частных производных”, Г.С.Мысагулова менен Дж.Б.Алыбаевдин “Экономические аспекты совершенствования системы управления высшей школой” монографияларын басып чыгарууга сунушталды.

(С) Бактыярова Азия – илимий иштер боюнча проректордун катчы-референти

Добавить комментарий