4-күндүк семинардын өзгөчөлүгү – теориялык маалыматка караганда жасалма интеллекттин платформаларын кантип иштетүү керек, анын сайттары кайсылар, аларды колдонууда кандай ийгиликтерди жаратууга болот деген теориялык маселелерге караганда, практикалык жүзүндө  колдонууну жана иштетүүнү үйрөттү.

Факультеттин окутуучу-профессорлору жасалма интеллекттин (ЖИ) платформаларын элементтерин билүү пайдалуу экендигин билишти.

Аталган семинарды Европалык билим берүү фондунун инновациялык мугалимдер коомунун өкүлү А.А.Имашова өттү.

Семинардын жүрүшүндө бир нече пайдалуу ЖИ куралдары менен таанышып, аларды практика жүзүндө колдонуп кеңири окушту. Текст түзүү, сүрөт жаратуу, презентация даярдоо, библиографиялык маалыматтарды издөө ж. Б. көптөгөн тапшырмаларды аткарууда жасалма интеллектин пайдасын жана колдонуунун багыттарын үйрөнүштү.

(С) Турдубаева Назгуль – кыргыз адабияты кафедрасынын доценти

Добавить комментарий