2025-жылдын 31-январында журналистика жана коммуникация институтунда белгилүү россиялык журналист жана жазуучу Дмитрий Альбертович Лиханов студенттер менен жолугушуу болду. Иш-чарага КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев жана институттун директору Ширин Костюк катышты.
Жолугушууда Д.Лиханов өзүнүн журналист катары басып өткөн жолундагы окуяларды айтып берип, өткөн кылымда абдан таанымал жана салмактуу болгон “Огонек” журналындагы тажрыйбасына токтолду жана ал кезде мыйзамдуулуктун күзөтүндө турган Мамлекеттик коопсуздук комитети (КГБ) менен тыгыз иштешип, криминалдык маалыматтарды даярдоонун тартиби тууралуу тажрыйбасын айтып берди. Андан тышкары эл аралык журналистиканын орду, анын өнүгүү багыттары жана дүйнөлүк медианын учурдагы чакырыктары тууралуу кеңири ою менен бөлүштү. Дмитрий Лиханов маалыматтын тактыгы, кесиптик этика жана журналисттердин коомдогу жоопкерчилиги боюнча кызыктуу баяндама жасап, студенттердин суроолоруна жооп берди.
Иш чаранын алкагында россиялык журналист белгилүү Кыргыз эл жазуучусу А.Матисаков менен жолугушуп, маданий жана чыгармачылык кызматташтыкты бекемдөө маселеси да талкууланды.
(С) П.Джаныбекова – адис