Кыргыз тил илими кафедрасынын профессор-окутуучулары жетекчилик кылган студенттер 2025-жылдын 13-январынан 20-январга чейин өзүлөрү окуган мектептерге барышып, окууну аяктап жаткан 11-класстын окуучуларына Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тууралуу кенен маалымат беришти. Тактап айтканда, Кыргыз улуттук университети Кыргызстандагы эң ири жана жогорку билим берүүчү мекемелердин бири болуп, студенттерге заманбап билим, илим жана техниканын бардык алдыңкы мүмкүнчүлүктөрү бар окуу жайлардын биринен экендигин тааныштырып, университеттин академиялык программалары, изилдөө багыттары жана эл аралык байланыштары студенттерге өздөрүнүн билимин тереңдетүүгө жана дүйнөлүк деңгээлде карьераларын курууга чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин айтышты.
Окуучуларга университеттин академиялык, илимий жана социалдык шарттары жөнүндө маалымат берилиши, алардын келечекте кесипти туура тандоого чечим кабыл алышына жардам берет.
Кесипке багыттоо иштери төмөнкү орто метептерде жүргүзүлүп, атайын жасалган буклеттер таратылды:
- Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы №68 орто мектеп.
- Талас облусунун Талас районуна караштуу Атай Огонбаев айылындагы Мейилкан Козубекова атындагы орто мектеп.
- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ажек айылындагы №20 Ажек жалпы орто билим берүү мектеп.
(С) Б.Жайлообаев – кыргыз филологиясы факультетинин деканы, ф.и.д., доцент




