2025-жылдын 16-январында башкы имараттагы кичи жыйындар залында Улуттук университеттин жаш окумуштуулары (аспирант, PhD, докторанттар) үчүн “Глобалдык чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр: изилдөөдөн көйгөйлөрдү чечүүгө чейин” аттуу семинар өткөрүлдү.
Иш чараны илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев ачып, аталган семинарга жаш окумуштуулар эле эмес, аталган курактан өткөн окумуштуулар да, о.э. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техника университетинин жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окумуштуулары катышып жатканын белгиледи жана «Кыргыз улуттук университетинин илимий потенциалын өнүктүрүү: заманбап чакырыктар жана өсүү стратегиялары» деген темада баяндама жасап, суроолорго жооп берди.
Андан кийин, семинарда төмөндөгү баяндамалар жасалды:
- Н.Ж.Эсенкулов – фундаменталдык илимдер институтунун директору, т.и.д., профессор: “Илимий изилдөөнүн жалпы методологиялык маселелери”;
- Б.Р.Сабитов – компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун маалыматтык системалар жана технологиялар билим берүү программасынын доценти, ф.-м.и.д.: “, “Илимий изилдөөдө жасалма интеллектти колдонуу”;
- А.О.Жолдошева – Ош мамлекеттик университетинин психология кафедрасынын башчысы, психол.и.д., профессор: “Бүгүнкү күндө Кыргызстандын илиминин абалы: Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук: психологиялык өзгөчөлүктөр жана аны профилактикалоонун психологиялык-педагогикалык жолдору”;
- Ф.К.Шаршембиева – Улуттук илимдер академиясынын математика институтунун жана Д 01.24.701 диссертациялык кеңешинин окумуштуу катчысы, КУУнун кыргыз-европа факультетинин доценти, ф.-м.и.к.: “Диссертациялык кеңешке документтерди каттоо жана кабыл алуу тартиби: актуалдуу маселелер жана практикалык аспектилер;
- К.Б.Молдогазиева – Интеллектуалдык менчик мамлекеттик агенттигинин каттоо жана автордук укуктарды бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы: “Илимий публикацияларда автордук укук: интеллектуалдык менчикти коргоо”;
- Г.Р.Исаева – Эразмус+ программасынын Кыргызстандагы улуттук координатору: “Эразмус+ программасында долбоорлорду кантип жазуу керек”;
- К.К.Шакирова – КУУнун редакциялык-басма бөлүмүнүн башчысы, э.и.д.: “Илимий журналга макаланы кантип туура даярдоо керек”;
- А.К.Шайылдаева – КУУнун илимий-метрикалык анализ бөлүмүнүн башчысы, соц.и.к., доцент: “Scopus маалымат базасын илимий изилдөөлөрдө натыйжалуу колдонуу”.
Иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар илимий диссертацияларды жазуунун методологиялык негиздери, макала жарыялоонун жол-жобосу жана эл аралык долбоорлорду жазуу ж.б. боюнча кеңири маалыматка ээ болушту.
Семинардын соңунда катышуучуларга сертификат жана лекторлорго ректордун ыраазычылык каты тапшырылды.