2025-жылдын 14-январында Британиялык Кеңештин өкүлдөрү Вадим Строков менен билим берүү боюнча эксперт Эмма Хейдермен чет тилдер институтунун окутуучулары менен жолугушуп, англис тилин окутуунун заманбап методикалары боюнча пикир алышты.

Жыйында о.э. Британияга окутуучулар жана студенттер үчүн тажрыйба алмашуу программаларын уюштуруу маселеси каралды. Бул программалардын максаты – Кыргызстандын окутуучуларынын жана студенттеринин эл аралык тажрыйбага ээ болушуна шарт түзүү, билим берүү жаатында инновациялык ыкмаларды өздөштүрүү жана профессионалдык өнүгүүгө өбөлгө түзүү болуп саналат.

Бул иш-чаранын натыйжасында чет тилдер институтунда англис тилин окутуу боюнча жаңы методикаларды ишке ашыруу жана эл аралык тажрыйба алмашуу программаларын өркүндөтүү боюнча бир катар конкреттүү кадамдар күтүлүүдө.

Британиялык Кеңеш менен кызматташуу билим берүү тармагында уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Улуттук университеттин эл аралык деңгээлде таанылуусуна жана билим берүү стандарттарын өркүндөтүүгө шарт түзөт.

(С) Тукешова Гулнура – чет тилдер институтун эл аралык байланыштар боюнча координатору

Добавить комментарий