2024-жылдын 5-декабрынан 7-декабрына чейин оффлайн, 9.12-19.12 онлайн форматта академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында И.Ч. Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун Мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын жетекчиси, п.и.к., доцент Г. Адылбек кызы, п.и.к., доцент Н.К. Кайдиева жана ага окутуучу С.А Кабылова Астана шаарындагы А.К. Кусайынов атындагы Евразия гуманитардык институтутунда эки тараптуу меморандумдун негизинде Эл аралык мобилдүүлүк жүргүзүп, п.и.к., доцент Г. Адылбек кызы «Педагогика», п.и.к., доцент Н.К. Кайдиева «Концептуальные основы математического образования» жана ага окутуучу С.А. Кабылова «Методика преподавания в начальной школе» 16 сааттык Модул боюнча сабак өтүштү
Ошондой эле, 5-декабрь күнү Астана шаарындагы Эл аралык университетинини педагогикалык колледжинде, п.и.к., доцент Г. Адылбек кызы «Скаффолдинг: поддержка учащихся в процессе освоения предметного содержания и языка», п.и.к., доцент Н.К. Кайдиева «Анализ данных. Прогресс в развитии навыков: чтение и извлечение информации из пиктограмм и столбчатых диаграмм» жана ага окутуучу С.А. Кабылова «Геоборды. Определение четырехугольников, многоугольников и их углов» темасында мастер-класс өтүштү.
6-декабрь күнү М. Жумабаев атындагы Эл аралык жогорку колледжинде п.и.к., доцент Г. Адылбек кызы «Принципы обучения, лежащие в основе скаффолдинга», п.и.к., доцент Н.К. Кайдиева «Прогресс в развитии навыков: построение пикторграмм и столбчатых диаграмм» жана ага окутуучу С.А. Кабылова «Геометрические фигуры и пространственные отношения» темасында доклад жана мастер-класстар өтүлдү.
Сабактар жогорку деӊгээлде уюштурулуп, студенттердин креативдүү жана инновациялык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды. Практикалык бөлүгүндө катышуучулар интерактивдүү методикалык жана көргөзмө куралдар менен иштөөнүн жолдорун үйрөнүштү. Жыйынтыгында лекторлорго сертификаттар тапшырылды. Окутуучуларга ыраазычылык айтышып, кызматташтык мындан ары да улануусуна тилектештигин билдиришти.
(С) С.А.Кабылова – мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын ага окутуучусу
Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды








