2024-жылдын 26-ноябрында КУУнун алдындагы Конфуций институту «Салттуу кытай медицинасы» темасында лекция жана тажрыйба иш-чарасын өткөрдү. Иш-чарага Конфуций институтунун директорлору, ошондой эле Кытай-Кыргыз Цихуан салттуу кытай медицина борборунун эксперттери, 120дан ашык студенттер жана окутуучулар катышты.
Иш чаранын башында кытай дарыгери Сун Явэн салттуу кытай медицинасынын өнүгүүсү тууралуу кыскача тарыхынан, табият менен адамдын биримдигин,инь менен яндын беш элементинин теориясынан баштап, салттуу медицинанын жалпы концепциясына кеңири токтолду. Ошону менен катар дарылоо ыкмалары, ден соолукту чындоочу көнүгүүлөр, ж.б. сыяктуу маалыматтар менен бөлүштү. Заманбап жашоодо салттуу кытай медицинасынын колдонуу баалуулугун көрсөттү. Иш чара учурунла лекция окулуп тим болбостон, практика жүзүндө да студенттерге ийне сайуу, укалоо ж.б көнүгүүлөр жасалды. Баардык катышуучулар үчүн кызыктуу жана билимге бай болду.
(С) Усенбаева Жылдыз — Конфуций институтунун директору


