2024-жылдын 26-ноябрында Синьцзян айыл чарба университетинин окуу иштери боюнча директорунун орун басары Аннивар Курбан, аталган окуу жайдын 31 окутуучу жана студенттеринен турган тобун жетектеп КУУнун алдындагы Конфуций институтуна иш сапары менен келди.
Иш сапарында Конфуций институтунун өнүгүү тарыхы, окутуучулар курамы ж.б. көптөгөн маалыматтар менен кенен таанышты. Ошону менен катар Конфуций институту Кытай жана Кыргызстандын ортосундагы билим берүү жана маданият алмашуунун негизги борбору катары таанытылды. Келген коноктор Конфуций институтунун дарсканалары менен да таанышышып, окутуучулар жана студентер тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
(С) Усенбаева Жылдыз — Конфуций институтунун директору

