2024-жылдын 9-декабрында педагогикалык колледжде көркөм маданияттын, искусствонун жалпы закон ченемдерин, объективдүү өнүгүү логикасын, коом менен карым-катышын, адамга тийгизген таасирин, көркөм чыгарманын мазмуну жана формасын таануу максатында «Искусстводон ырахат алгың келсе, анда көркөмдүк жактан билимдүү болушуң керек” аталышында окутуучу Жамангулова Кыял тарабынын мастер-класс өткөрүлдү.  

Сабакка мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундуз Базакеева, педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору Рахат Сулайманова жана колледждин окуутуучулары катышып, көркөм өнөрдүн пейзаж жанрында сурөт тартышты, коноктор үчүн арт терапия уюштурулду.

Иш чаранын жүрүшүндө студенттер өз колдору менен жыгачтан, чийден, кийизден, булгаарыдан, металлдан жасаган кооз буюмдарын, макраме жана сайма көркөм кол өнөрчүлүгүн көргөзмөгө коюп, кийизден, шуру мончоктордон этно-аксесуарларды аткарып, көрсөтүштү.                

(С) Мирбек  Шарабидинов – педколледждин башчысы

Добавить комментарий