Жогорку Кеңештин мурдагы Төрагасы, Улуттук илимдер академиясынын мурдагы президенти, КУУнун ардактуу профессору, академик Абдыганы Эркебаев 70 жашка чыккандыгына байланыштуу эки китептен турган “Ата Журт жана саясат”, эки китептен турган “Рух дүйнөсүн аңтарып…”, “Тарых жана илим тууралуу”, “Татаал тагдыр, таза жол” деген жана 2010-жылкы Ош окуясы жөнүндө жазылган жалпы жонунан жети китеп чыгарган болчу.
2024-жылдын 29-ноябрында академик А.Эркебаев кыргыз филологиясы факультети менен орус жана славян филологиясы факультетинин окутуучулары жана студенттери менен жолугушуп, илимге келүү жолдору, окумуштуулуктун озуйпалары тууралуу кеңири сөз салып, студенттердин суроолоруна жооп берди.
Иш чаранын соңунда жогорудагы китептерин аталган факультеттердин китепканаларына белекке тапшырды. Эки факультеттин өкүлдөрү атактуу окумуштууга терең ыраазычылыктарын билдиришти.












