2024-жылдын 24-ноябрында тарых жана чөлкөм таануу институтунун музей изилдөө борборунун улук адиси Алмазбек уулу Бектур менен Улуттук тарых музейинин илимий кызматкери, ТжЧТИнин магистранты Исабеков Баяман XI-XII таандык “хумду” КУУнун музей изилдөө борборуна алып келишти.

Бул табылга тууралуу Тынчтык конушунун тургуну Кадыров Бектурсун мындай деп баяндайт: “2021-жылдын жай айында Арча-Бешик конушунун газ түтүктөрүн орнотууда жумушчу болуп эмгек кылып жүрүп, газ түтүктөрүн жерге жашырууда орто кылымга таандык 2 “хум” табылып, ушул күнгө чейин өзүмдө сакталып келген”.

Исабеков Баяман менен Алмазбек уулу Бектур Бектурсун Кадыров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тарыхий артефактты КУУнун музей изилдөө борборуна алып келишкенден соң, учурда реставрациялоо жана консервациялоо иштери жүрүп, кененирээк маалымат чогултулуп жатат.

Алынып келинген Хум:  с туловом  яйцевидной формы и горизонтально отогнутым наружу венчиком. Относится приблизительно XI-XX вв.

(С) Алмазбек уулу Бектур – музей изилдөө борборунун улук адиси

Добавить комментарий