2024-жылдын 20-ноябрь күнү математика жана информатика институтунун студенттери Г.Айтиевдин музей-өнөрканасына барып, белгилүү сүрөтчүнүн түрдүү жанрдагы эмгектери менен таанышып келишти.
СССР эл сүрөтчүсү, Социалисттик эмгектин баатыры, Кыргыз ССРнин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССР көркөм академиясынын мүчө-корреспонденти, туңгуч профессионалдуу кыргыз сүрөтчүсү, скульптор Гапар Айтиев музей-чеберканасында 1976-жылдан тартып 1984-жылга чейин эмгектенген. 1988-жылы ачылган бул музей Кыргызстандын маданий мурасынын объектиси болуп саналат.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Г.Айтиев 1943-жылы жараттан кийин мекенине кайтып келип, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун чыгармачыл агымына активдүү кошулуп, жараткан алгачкы эмгеги «Фронттон кат» болуп саналат. Ошону менен катар Г.Айтиев улуттук сахнада коюлган «Алтын кыз», «Токтогул» ж.у.с. туңгуч спектаклдеринин сүрөтчү-жасалгалоочу болгон.
Студенттер музей экспозициясынан сүрөтчүнүн эмгек коллекциясы, өздүк буюмдары, негизги фондду түзгөн живопись, графика, скульптуралык материалдар менен жакындан таанышып келишти.
Музей кызматкеринин айтымында, Гапар Айтиевдин чыгармалары Мамлекеттик Третьяков галереясынын, Мамлекеттик чыгыш элдер искусствосу музейинин, мурунку союздук республикалардын музейлеринин алтын казынасына кирген.
Бүгүнкү саякаттын катышуучулары улуу сүрөтчү Г.Айтиевдин кыргыз көркөм искусствосунун өнүгүшүнө кошкон зор салымы студенттерге чоң сыймык экенин жашырышкан жок.
(С) Бактияр Рахманкулов –директордун орун басары, ф.м.и.к., доцент


