2024-жылдын 19-ноябрь күнү №6-окуу имаратынын жыйындар залында  А.А.Бөрүбаев атындагы АГТжЖМО кафедрасы менен колдонмо математика жана информатика , колдонмо информатика билим берүү программаларынын магистранттарынын илимий-педагогикалык практикасы жыйынтыкталып, магистранттардын “Математика  жана программалоо тилиндеги матрицалар” темасы боюнча жасаган баяндамалары жыйынга катышкан студенттерди аябай таасирлентти .

Жыйынга институт директору И.А.Усенов, педагогика кафедрасынын доценти А.С.Баялиева, ага окутуучулар М.М.Кубатбеков, А.С.Сыргабекова, практика жана карьера борборунун жетектөөчү адиси Бегимай Нурланова катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө магистранттар А.Абдилашимова, С.Исаева, А.Таалайбекова жана Денизбек кызы А. жасаган баяндамалардан чогулуштун катышуучулары математиканын табийгат таанууда ээлеген орду, Python жана чоң маалыматтар базасы, матрицанын экономика, биология, химия жана маркетингде колдонуларын, математикада сызыктуу теңдемелер системасын матрица  жана аныктагычтардын  жардамы аркылуу чыгаруунун методдору, сыйкырдуу квадрат (магический квадрат), Python программа тилиндеги матрица – бул эки өлчөмдүү массивдерди колдонуу менен сандык маалыматты уюштуруунун натыйжалуу жолу экендиги тууралу кеңири маалымат алышты .

Институт директору Изат Усенов бүгүнкү жыйын студенттер үчүн чоң мотивация болуп, математикага болгон кызыгуусун дагы бир жолу ойготкондугун баса белгилеп, бүтүрүүчүлөргө магистрдик диссертацияларын  ийгиликтүү жыйынтыктап, татыктуу адистерден болушуна тилеткеш экендигин билдирди.

Педагогика кафедрасынын ага окутуучусу Айсулуу Суютбековна магистранттардын жасаган иш-аракеттерине ыраазычылык билдирип, алардын келечекте кыргыз педагогикасынын өнүгүшүнө өз салымдарын кошушуна ишенерин билдирди.

(С) Бактияр Рахманкулов – директордун орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий