2024-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы, Кыргызстан элинин ассамблеясы, Кыргыз жараны Концепциясы, Кыргызстандагы азербайжандардын “Бирлик” коомдук бирикмеси жана Азербайжан Республикасынын диаспора боюнча мамлекеттик комитети тарабынан уюштурулган азербайжан элинин мамлекеттик жана коомдук ишмери Мамед Эмин Расулзаденин 140-жылына арналган илимий-практикалык конференциясына Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн улук окутуучусу Фаризат Курамаева “Социально-политические мотивы в произведениях Мамед Эмин Расулзаде (Мамед Эмин Расулзаденин чыгармаларындагы социалдык-саясий мотивдер)” аталышындагы баяндамасы менен катышты.

Илимий-практикалык конференциянын расмий бөлүгү  К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын ректору т.и.д, проф. Акылбек Кылычев, КР Азербайжан Республикасынын элчисинин кеңешчиси Танарверди Зульфигар Гуммат оглы, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Алманбет Матубраимов жана КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин этникалар аралык мамилелер бөлүмүнүн башкы адиси Урмат Бектуров жана Кыргызстандагы азербайжандардын “Бирлик” коомдук бирикмесинин башчысы Хансывар Бахшалиевдин куттуктоо сөздөрү, саясий ишмер Мамед Эмин Расулзаденин ишмердүүлүгү боюнча кычка баяндамалары менен башталды.

Илимий-практикалык конференция бир канча секцияга бөлүнүп, коомдук ишмерлер, илимий изилдөөчүлөрдүн Мамед Эмин Расулзаде боюнча илимий баяндамалары менен улантылды.  Аталган сессияда ТКТ бөлүмүнүн улук окутуучусу Ф.Н. Курамаева баяндамасында Түркиянын Кавказ университетинде он жылга чукул убакытта келишим менен иштегендигин, ошол учурда алмашуу программасы аркылуу Мамед Эмин Расулзаде негиздеген Баку мамлекеттик университетинин түркология бөлүмүндө эмгектенгендигин, мындан тышкары Азербайжан Илимдер Академиясында жана Нахичевань Мамлекеттик университетинде илимий стажировкадан өткөндүгүн белгилеп, конференцияга баяндама менен катышуу чоң сыймык жана милдет экендигин айтып өттү. Мамед Эмин Расулзаденин Азербайжан, Кавказ жана Түрк дүйнөсүнүн саясий, маданий тарыхындагы ордун жана ролун, азербайжанизм, тюркизм, пантуранизм жана пантюркизм сыяктуу саясий терминологияны түркологиянын алкагында кеңири талдап берди. Азыркы учурда Түрк Мамлекеттер Уюмунун багыттарынын бир бутагы катары билим берүү жана илим тармактарында Мамед Эмин Расулзаденин “Бир жолу көтөрүлгөн желек, кайра түшүрүлбөйт” аттуу лозунгу чыгармачыл интеллигенция жана интелектуалдык элита, жаштар арасында да өз ордун табуусу зарыл экендигин белгиледи.

Баяндама уюштуруучу топ жана катышуучулар тарабынан жылуу кабыл алынып, түрк элдеринин ынтымагын бекемдөө максатында орток окуу, илимий жана маданий иш иш–чараларды өткөрүү сунушу киргизилди. Баяндамачыны  аталган иш аракеттерди уюштурууга жана жигердүү катышып берүүгө чакырды.

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент

Добавить комментарий