2024-жылдын 14-ноябрында кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын профессору, ф.и.д. Садык Тиллебаев менен доцент, ф.и.к. Сайра Исаева К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасы, УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту, Кыргыз улуттук «Манас» театры, «Айтыш» коомдук фондусу тарабынан ХIХ кылымдын залкар акыны, комузчу, ойчул, күүчү, обончу Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына карата уюштурулган «Арстанбек акындын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү жана төкмөлүк өнөрдүн маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти.

Жыйында профессор Садык Тиллебаев “Арстанбектин өмүр тагдыры тууралуу кайчы пикирлер жана аларды тактоонун негизги булактары”, ал эми доцент Сайра Исаева “Арстанбектин “Тар заманында” жана азыркы кыргыз поэзиясында эл тагдырынын чагылдырылышы” деген аталыштагы баяндамаларды жасашты.

Конференцияга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын, УИАнын белгилүү окумуштуулары, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин, Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин окумуштуулары, төкмө акындар, манасчылар катышышты. Конференцияны ЫМУнун ректору А.А.Иманбаев алып барды.

(С) Исаева С.Н. – ф.и.к., доцент

Добавить комментарий