Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында тарыхий-маданий мурастарды сактоо, изилдөө жана мамлекеттик колдоо” жөнүндө 2022-жылдын 28-декабрындагы №412 жарлыгын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин “2023-2027-жылдар аралыгында  “Көөнө тарых сырлары” аталышындагы тарыхий-маданий мурастарды сактоо, изилдөө жанан археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү” жөнүндөгү 2023-жылдын 22-декабрындагы №701 токтомунун алкагында тарых жана  чөлкөм таануу институтунун археология, этнология, булактаануу жана тарыхнаама кафедрасынын доценти, археолог Орозбек Солтобаев тарабынан Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынын түштүк чек жакасында жайгашкан орто кылымдарга (XI-XII кк.) таандык археологиялык эстеликте изилдөө жүргүзүлдү.

Казуу иштери 2024-жылдын 14-октябрынан 14-ноябрына чейин жүргүзүлүп, ага тарых жана чөлкөм таануу институтунун 2-курс студенттери жана бир катар жергиликтүү тургундар жигердүү катышышты.

Элдик уламыштарда шаар урандысы  “Төрт-Күл” деп аталат. Ал эми  орто кылымдардагы белгилүү аалым Махмуд Кашгаринин маалыматында “Кочкор-Башы шаары” деп белгиленет.

Изилдөөдө олуттуу маданий жана турмуш-тиричилигине байланышкан имараттын ордунун табылышы кызыгууну жаратты. Ал мончо (арабча “хаммам”) болгон.  Бул Теңир-Тоодогу алгачкы ачылган мончо эстелиги болуп саналат. Ошондой эле тыйындар, карапа идиштер, суу түтүктөрү ж.б.у.с.  табылгалар табылган. Бүгүнкү күндө бул объектини музейлештирүү, б.а. сактоо, реставрация жана реконструкция кылуу тийиштүү мамлекеттик мекемелер тарабынан ишке ашырылмакчы. Изилдөө иштерин келээрки жылдары улантуу мерчемделүүдө.

(С) Айдар Шейшенов – директордун орун басары

Добавить комментарий