2024-жылдын 12-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында кыргыз-кытай институтунун 1-курс студенттерин куттуктоо аземи болуп өттү.
Бул күн кубанычка, чыгармачылыкка жана командалык рухка чындап толгон унутулгус майрам болду. Иш чараны куттуктоо сөзү менен окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев, институттун директору Софья Апаева жана кытай университеттеринин окуу бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү ачып беришти.
Биринчи курс студенттери “Эс алуудагы желмогуздар”, “Мадагаскар”, “Кунг-фу панда” жана “Шрек” сыяктуу белгилүү жана сүйүктүү мультфильмдер боюнча номерлерди даярдап, мыкты болуу үчүн ат салышышты. Катышуучулар өз таланттарын көрсөтүшүп, көрүүчүлөрдү чыныгы мультфильм дүйнөсүнө алып барып келишти. Иш чаранын жыйынтыгында жеӊүүчүлөр аныкталып:
- 1-орунду “Кунг-фу панда” темасы менен котормочулар тобу ээледи. Алар кунг-фу рухун жана философиясын жеткире алышты жана алардын костюмдары жана өндүрүшү баарына таасир калтырды.
- 2-орунду “Эс алуудагы желмогуздар” темасын тандаган кытайтаануу программасынын тобу ээледи.
Жеӊүүчүлөрдү жана жалпы биринчи курстун студенттерин студенттик жашоого киришүүлөрү менен тереӊ куттуктап, окууларында албан ийгиликтерди каалайбыз!
(С) Кочорбаева Р.Б. – ККИнин директорунун илимий иштер боюнча орун басары








