2024-жылы 11-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент тарабынан 10-ноябрь – Эл аралык  жаштар күнүнө карата “Квиз” интеллектуалдык оюну болуп өттү. Аталган иш чара студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, ар тараптуу ой жүгүртүүгө жана келечегине керектүү тажырыйба алуу менен бирге билимге, илимге болгон кызыгуусун арттыруу максатын көздөө.

Оюн 3 турдан туруп жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

  • 1-орун: Журналистика жана коммуникация институту, “Шумкар” тайпасы;
  • 2-орун: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети, “Биримдик” тайпасы;
  • 3-орун: Тарых жана чөлкөм таануу институту, “Манас урпактары” тайпасы.

Иш чаранын алкагында  катышуучулар жана көрүүчүлөр менен бирге оюн зоок уюштурулуп кызыктыруучу белектер берилди. Ошондой эле катышкан командаларга куру кол кетирбестен белектер жана ыраазычылык каттар тапшырылды. Андан соң концерттик программа менен коштолуп оюн абдан кызыктуу жана шаңдуу маанайда өттү.

(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору

Добавить комментарий