2024-жылдын 12-ноябрында кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде бөлүмүнүн студенттерине Лингвистикалык, дин таануу жана психологиялык экспертизалар башкармалыгынын башчысынын орун басары, филология илимдеринин кандидаты Семенова Жийдегул келип, лекция окуп берди.
Лекция абдан кызыктуу болуп, студенттердин арасында талкууну жаратты. Факультеттин деканы А.Жайлообаев эжеге чын ден соолук, иштерине ийгилик каалап, университеттин атынан ректордун ыраазычылык катын тапшырды.
(С) Осмонова Наргүл – доцент





