2024-жылдын 11-ноябрында ректор Догдурбек Чонтоев факультеттер аралык дене-тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу Бакыт Кадыровду жана кафедра башчысы Шаршен Абдыкеримовду кабыл алып, КУУнун окутуучусун грепплинг боюнча Италиянын Рим шаарында 1-3-ноябрь кундөрү болуп өткөн дүйнө чемпионатында 1-орунду ээлеп, чемпион болушу менен куттуктады жана иштерине ийгилик каалап, аталган спорттун түрү боюнча дагы да жеңиштерге жетишип, Улуттук университеттин атын чыгара беришине тилектеш экендигин билдирди.
Белгилей кетсек, КУУнун окутуучусу Бакыт Кадыров грепплинг боюнча дүйнө чемпионатына 80 кг. салмакта катышып, финалда Италиянын спортчусу Д’агостино Франс Де Вивону жеңип, чемпион аталды.

