2024-жылдын 11-ноябрь күнү Улуттук университетте Эл аралык илим күнүнө карата “Кыргыз улуттук университетинин илимий изилдөөдөгү жетишкендиктери, көйгөйлөрү жана перспективалары» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Жыйын башталаардан мурун анын катышуучулары 2-кабаттын фойесинде уюштурулган көргөзмөнү көрүп чыгышты. Ал жерде факультет, институттардын өкүлдөрү илим тармагында өздөрү иштеп чыккан приборлор, түзүлүштөр жана программалык каражаттар тууралуу айтып беришти.

Илим күнүнө арналган салтанаттуу жыйын башкы имараттагы чоң жыйындар залында өтүп, анын модераторлук милдетин илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев аткарды.

Жыйындын катышуучуларын Илим күнү менен КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев куттуктады. Ал окуу жайдын окумуштууларын кесиптик майрамы менен куттуктап, илим – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн жана коомдун бакубат жашоосунун негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири, ал эми илимий ачылыштар жана жетишкендиктер элдин келечегине багыт берип, ар бир жарандын жашоосуна оң өзгөртүүлөрдү алып келээрин жана бүгүнкү күн – КУУнун окумуштууларынын билимге жана изилдөөгө жасаган салымдарын таанып, анын экономикага, коомго жана жалпы өнүгүүгө тийгизген таасирин баалоо күнү экендигин белгиледи. Ректордун айтымында, Президенттин жарлыгы менен ыйгарылган өзгөчө статус Улуттук университетке чоң жоопкерчилик жүктөп, окуу жайды 4.0 муундагы билим берүү модели боюнча трансформациялоо максатын көздөйт. – Алдыдагы жылдары биз университетибиздин илимий дараметин мындан да жогорулатып, дүйнөлүк абройлуу QS рейтингинде татыктуу орундарды ээлөө максатында иштерди жүргүзөбүз. Жакында эле университетибиздин QS Азия рейтингине кириши – бул биздин жалпы эмгектин жетишкендиги. Окуу жайдын өнүгүүсүнө кошкон салымыңыздар үчүн баарыыздарга ыраазычылык билдирем. Илим жаатында жаңы жетишкендиктер жана өркүндөтүүлөр ар бириңиздерди коштосун. Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!, – деди Догдурбек Чонтоев

Илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев “Илим 2024” деген баяндама жасап, Улуттук университеттин илимий изилдөөдөгү жетишкендиктери, көйгөйлөрү жана перспективалары тууралуу айтып берген соң, КУУнун айрым кызматкерлерине Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек мэриясынын жана Улуттук университеттин сыйлыктары тапшырылды.

Жыйындын соңунда Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, педагогика илимдеринин доктору, профессор, физиканы окутуу технологиялары жана табият таануу кафедрасынын башчысы Эсенбек Мамбетакунов агай чыгып сүйлөп, КУУнун окумуштууларын Илим күнү менен, сыйлык алгандарды сыйлыгы менен, ал эми жетекчиликти окуу жайдын QS Азия рейтингине кириши менен куттуктап, мындан ийгиликтерди каалады жана билимсиз илим, илимсиз билим болбоорун баса белгиледи.

Добавить комментарий