2023-жылдын 21-сентябрында Кадрларды кайра даярдоо жана кесибин жогорулатуу институтунда Мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык иш чара өткөрүлдү. Гимназиянын 10-1-класстарынын окуучулары тарабынан уюштурулган салтанатты институттун директору Алайбек Шамшиев куттуктоо сөзү менен баштады.
Андан кийин гимназиянын таланттуу окуучулары кыргыз бийин кериле бийлеп, кыргыз жерин созолонто ырдашып, комузду чекчейте чертишип, ооз комузду оболонто созушуп, улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун «Махабат дастаны» менен «Делбириминен» кыскача көрүнүшүн аткарышты. Алар о.э. жапон, корей, кытай элдеринин ыр-бийлерин аткарып, англисче ырдап, өз таланттарын көрсөтүштү.
Майрамдык иш чараны куттуктап келген коноктор да болбой койгон жок. Алар «Кыргыз даамы» аталган тамак-аш толтурулган үстөлдөн даам татып кайтышты.
Иш-чаранын соңунда гимназиянын окуучуларынын арасында кыргыз улуттук кийимдеринин көрсөтмөсү өтүп , «Кыргызстан» деген ыр хор менен аткарылды.