2024-жылдын 29-30-октябрында №10-окуу имаратында КУУнун илим бөлүмү тарабынан уюштурулган “Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо жана сактоо” аттуу темада кыска мөөнөттүү курс болуп өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери интеллектуалдык менчик жаатындагы билимди жогорулатуу, аларды  практикада колдонуу, жарандык-укуктук коргоонун жолдорун түшүнүү, интеллектуалдык менчиктин объектилерин тариздөө жана каттоо боюнча кызыктуу баяндама жасап, сунуштарын беришти.

Ал эми илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев окутуучулук-профессорлор курамынын илимий эмгектерин тастыктоо, окуу методикалык китептерге, колдонмолорго, монографияларга жана макалаларга күбөлүк алуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул кызматташтык окуу жайдын перспективдүү пландарынын бири экендигин айтып өттү.

Курстун аягында катышуучулар окутуу курсун аяктагандыгы жөнүндө Кыргызпатенттин сертификаттарын алышты.

(С) Рашитова А.Ж. – илим бөлүмүнүн башкы адиси

Добавить комментарий