2023-жылдын 21-сентябрь күнү Тарых жана чөлкөм таануу институтунун студенттери башкы имараттагы кичи жыйындар залында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык кече өткөрүштү. Иш чарада алар манас айтып, ырдап, бийлеп, эне тилге арналган өз калемине таандык ырларды окушту.

Жыйынга институттун окутуучулары менен студенттери катышты.

“Эне-тил” (Жанышбекова Тахмина – МОКН(б)-1-21 тайпасы)

Улут болдук улуу көчтү жаратып,

Урмат, сыйды улуу-кичүү талашып.

Эне тилди тилеп алып кудайдан ,

Байрак кылдык кылым кезип баратып.

Тил жашасын жомокчунун кебинде,

Ырга айлансын таңшып балдай тилинде.

Чырак болсун чоросундай Манастын,

Чоку болсун чындык чырдап дилинде.

Эркиндигим эскирбеген тилимде,

Эки элди бириктирген жеринде.

Эси жоктор чанып жүргөн тил үчүн,

Эл каймагы окко учкан кезинде.

Улут болбос улуу тили болбосо,

Уюткулуу көкүрөккө орносо.

Башты кессин кесмеги бар а бирок,

Тил кесмекке акысы жок одоно .

“Эне-тилим” (Алмаз кызы Калиман – ЛТА(б)-1-23 тайпасы):

Эне тилди ыйык тутуп кадырлап,

Эй кыргызым, өз тилиңде сүйлөгүн.

Ар бир тилди үйрөнгүнүң а бирок,

Өз тилиңден бөлөк тилди сүйбөгүн.

Өз тилиңден өткөн сулуу тил барбы,

Өз жериңден өткөн улуу жер барбы,

Ата-баба сактап келген буларды,

А биз аны урпактары улайлы.

Эне тилим,ыйык тилим кымбатым,

Сенсиң менин жашоодогу урматым.

Каанчалаган кооз тилдер болсо да,

Сага бирин салыштыра албадым.

Орусчалап өз жериңде сүйлөбө,

Азыр баары бөлөк тилде сүйлөөдө,

Кыргыз элин, кыргыз тилин барктагын,

Эч убакта өз тилиңди сатпагын.

Добавить комментарий