И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун студенттери арасында “Педагогика” сабагынын алкагында “Мен эмне үчүн мугалим болгум келет?” аттуу эсселердин сынагы жыл сайын уюштурулуп келет. Быйылкы окуу жылынын башталышы менен адаттагыдай эле 1-курстун студенттери арасында аталган сынак старт алды. Сынак сентябрь, октябрь айларында өткөрүлүп, жыйынтыгы жаңыдан окуу жайга келген студенттердин тушоо кесүү аземин утурлай жыйынтыкталат.

Сынактын максаты – мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүү, аны даңазалоо, алдыңкы жаштарды мугалимдик кесипке тартуу, кызыктыруу, педагогдук кесипке болгон сүйүү сезимдерин, педагогикалык чыгармачылыгын арттыруу, аларды мугалимдик улуу миссияны татыктуу аркалоого даярдоо, болочоктогу мыкты агартуучулардын армиясын түзүү.

Быйыл бул сынакка 113 студент катышууда. “Жетинин бири Кыдыр” демекчи, сынактын калыстар тобу да 7 адамдан түзүлүп, эң мыкты студенттердин арасынан тандалып алынды.

Институттун директору, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын башкы редактору Рахат Сулайманова 2024-жылдын 17-октябрында калыстар тобу менен жолугушуп, аларга алдын ала шифрленген эсселерди тапшырды. Сынактын жыйынтыгы менен “Мен эмне үчүн мугалим болгум келет?” аттуу эң мыкты 7 эссе тандалып алынып, алардын ичинен 1 иш башкы байгеге татып, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын “Мен мугалим болом” рубрикасынын жүзү болуу менен эссеси басылмага жана социалдык тармактарга жарыяланат. Алдыңкы 3 студентке 1,2,3-даражадагы дипломдор ыйгарылып, калган 3 студент ардак грамоталар менен сыйланат.

(С) Айсулуу Эгамбердиева – илимий иштер боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий