Мектеп менен колледждин кызматташтыгын чыңдоо максатында педагогикалык колледждин башталгыч класстарга билим берүү адистигинин студенттери Бишкек шаарындагы №40-мектепке барып, лабораториялык сабактарды өткөрүштү.
Бул иш-чаранын максаты — студенттерге практикалык тажрыйба берүү жана окуучулар менен түздөн-түз иштөө мүмкүнчүлүгүн түзүү. Мектептин мугалимдери сабактарында, студенттерге кесиптик кѳндүмдѳрүн практикада колдонууга мүмкүнчүлүк түздү.
Мектептин жетекчилиги бул иш-чара үчүн бардык шарттарды түзүп, келечекте дагы да тыгыз кызматташуу жана биргелешкен пландарды ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Мындай иш-чаралар келечектеги мугалимдердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу менен мектептер менен болгон байланыштарды күчөтүүдө маанилүү кадам болуп саналат.
(С) Нуруева Жаңыл – окутуучу
Автордун стилистикасы сакталды


