2023-жылдын 19-сентябрында мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин доценти, Чыгыш таануу институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, PhD доктор Болатбек Батырханды, Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин профессору Кастер Саркытканды жана Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин 2- курс магистранты Ерболат Елайды кабыл алды.
Жолугушууда жогорку окуу жайлардын окумуштууларынын, илимпоздорунун жана студенттеринин арасында тыгыз байланыштарды түзүү боюнча сөз болуп, аталган эки окуу жай менен Улуттук университеттин ортосундагы алака-катнашты чыңдап, достук мамилелерди тереӊдетүү макулдашылды.