2024-жылдын 8-октябрында 6-лабораториялык корпустун 203-аудиториясында физика жана электроника факультетинин Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу майрамдык иш-чарасы өткөрүлдү.

Салтанатты факультеттин деканынын м.а. Исмаилова Гүлзат ачып, мугалимдин коомдогу орду жөнүндө кеңири токтолуп, факультеттин жалпы жамаатына жана студенттерге ийгиликтерди каалады.

Андан соң Кыргыз Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, п.и.д., профессор Эсенбек Мамбетакунов, б.и.к., доцент Тоялиев С., ф.-м.и.к., доцент Абдылдаев О., ф.-м.и.к. Бакирова Э.М. жана квалификациясын жогорулатууга келген мектептин мугалимдери да катышышып куттуктоо сөздөрүн, студенттерге таалим-тарбия берүүчү кеп-кеңештерин айтышты.

Студенттер тарабынан уюштурулган концерттик программа коюлду. Анда кыргыз бийлери, ырлары, комуздун күүлөрү, Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестинен сценкалар коюлду. Студенттер тарабынан мугалимдерге арналган ырлардан көркөм окуулар болду. 

Физика жана электроника факультетинин тарбия иштери боюнча орун басары п.и.к., доцент Дөөлөталиева Айчүрөк майрамдык куттуктоо сөзүн айтып, мугалимдерге, катышуучуларга, студенттерге ыраазычылык билдирип, окууларына ийгиликтерди каалоо менен сөзүн аяктады.   

(С) Дөөлөталиева А.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, п.и.к., доцент

Добавить комментарий