2024-жылдын 10-октябрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Куршат Дулкадир мырзаны кабыл алды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз улуттук университети менен Түркия элчилигини ортосундагы кызматташтык мамилелерин талкуулашты.

Куршат Дулкадир мырза Догдурбек Чонтоевди ректорлук кызматка дайындалышы менен кызуу куттуктап, буга чейин элчилик тарабынан аткарылган жумуштар, ишке ашырылган проекттер жана алдыга койгон максаттар тууралуу айтып, Түркия элчилиги Улуттук университет менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Догдурбек Чонтоев Түркия элчилиги тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу кенен маалыматы жана куттуктоосу үчүн Куршат Дулкадир мырзага ыраазычылык билдирип, “Буга чейинки иштерди улантууга даярбыз”, – деди.

Тараптар о.э. “Билим Бишкек” инновациялык борборуун ачылышы жана университеттердин QS рейтингине байланышкан маселелерди да талкуулашты.

Жолугушууга ТTEÖMER түрк тилин үйрөнүү жана билим берүү борборунун директору Ильяс Сут, Түркия элчилигинин жооптуу кызматкери Абдугапар Хайткулов, о.э. КУУнун эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков менен түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова катышты.

Добавить комментарий