Дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эмгек сиңирген чебери Бакыт Кадыров 2024-жылдын 4-8-октябрь күндөрү Германиянын Франкфурт-на-Майне жана Рюссельсхайм шаарларында болуп өткөн WFMC Грепплинг боюнча дүйнө биринчилигине 85 кг салмактык категорияда катышып, финалдык беттеште Польша спортчусу Лукаш Леонарскийди утуп, жыйынтыгында 1-орунду ээледи.
Математика жана информатика институтунун жамааты Бакыт мырзаны алтын медалдын ээси болушу менен чын жүрөктөн куттуктайт!
КУУнун окутуучулары жана студенттери дүйнө кубогунун 3 жолку ээси, Азиялык оюндардын жана биринчиликтин 5 жолку чемпиону, Европанын чемпиону, дүйнөнүн 12 жолку чемпиону, ММАнын HFC32 жана Grappling WJF версиясы боюнча эл аралык турнирлердин чемпиондук алтын курларынын ээси Бакыт мырза менен дайыма сыймыктанышат.
(C) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.м.и.к., доцент

