2024-жылдын 7-октябрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда “AVN” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Нурлан Саитов проекттер менен маселелерди башкаруунун “BeEasy” деп аталган универсалдуу платформасы тууралуу презентация жасады.

Иш чарага ректор Догдурбек Чонтоев, биринчи проректор – окуу ишетри боюнча проректор Алайбек Шамшиев, илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев, окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев жана маалыматтык технологиялар борборунун башчысы Улан Мусаев катышты.

Нурлан Саитов аталган платформаны электрондук документ жүгүртүүдө, жумуш убактысын эсепке алууда колдонууга болоорун айтып, конкреттүү мисалдар менен платформанын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп берди.

Анын айтымында, платформа учурда аткарылып жаткан процесстин абалын, статусун жана башка параметрлерин көрсөтүп турат. Ал процесстерди компьютер, планшет же смартфондон башкарууга болот. Эң негизгиси – BeEasy’нин жардамы менен тез чечим кабыл алып, өзгөрүүлөргө тез реакция кылууга болот. Платформа ар бир процесске өзүнчө чат түзүп, ал жерде аткарылып жаткан ишти талкуулоого, макулдашууга, маалымат алмашууга, жумушту аткарып жаткан топтун ишин координациялоого, кайра жасоого жөнөтүүгө же жумуш бүткөндө контролдон алып салууга болот. Жумуш бүткөндөн кийин автоматтык түрдө pdf-форматтагы отчет түзүлүп, аны электрондук кол (ЭЦП) менен тастыктоого болот.

Презентация катышуучулардын кызыгуусун жаратып, Нурлан Саитов көптөгөн суроолорго жооп берди.

Добавить комментарий