КФФтин түркология жана котормо таануу бөлүмүн 530003: Котормо жана котормо таануу (англис тили) адистигинин 1-2-курстарынын студенттери Казакстандын Астана шаарындагы Лев Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин жана Өзбекстандын Самарканд шаарындагы Шаров Рашидов Самарканд мамлекеттик университетинин филология факультеттеринде “Котормо иши” адистиги боюнча академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимдин негизинде билим алышууда.

Алмашуу күзгү семестрге ылайыкташкан. Азыркы күндө студенттер жатаканаларга жайгаштырылып, билим алып жатышат. Алмашуу программасы менен Лев Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде ККТ-2-23-группасынан Айгерим Бекболотова, Аида Нурланова, Мирланбек кызы Анжелика 2-курста; ал эми ККТ-1-22-группасынан Аян Жайлобаева, Сирена Сейиткулова, Жыпара Таштанбекова аттуу студенттери 3-курста окуп жатышса, Шаров Рашидов Самарканд мамлекеттик университетинде ККТ-1-22-группасынан Жамила Муратбек кызы 3-курста билимин улантып жатат.

Университеттин, факультеттин жетекчилиги жана алмашуу программасы боюнча жооптуу адистер студенттерибизди жылуу кабыл алып, тиешелүү шарттарды түзүп, окуу кезметин теңдештирип, окуу процессине зарыл болгон окуу куралдарды, илимий булактарды жана окурмандык билеттерди камдап беришти.

Мындан тышкары Казакстандагы студенттер коомдук-маданий иштерге активдүү тартылып, тагыраак айтканда, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда” биздин студенттер волонтердук кызмат көрсөтүштү.

Ошондой эле бөлүмүбүзгө академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Казакстандын Семей шаарында жайгашкан Семей Шакарим университетинин филология факультетинен 2 студенти келди. Алар Икрам кызы Жанел жана Хамза Жарылкасым, 3-курстун ККТ-1-22-группасынын студенттери менен чогуу “Экинчи тилдин практикалык курсу (түрк тили)” жана “Чет тилин окутуунун санариптик технологиялары” сабактарына кирип, билим алып жатышат.

Студенттерибиз алмашуу программасынын талап жана максатына ылайык универсалдык, инструменталдык, социалдык-инсандык компетенциялар менен бирге кесиптик, илимий, колдонмо-ишмердүүлүк жана уюштуруучулук жөндөмдөрүн калыптандырып, өнүктүрүү аракетинде болуп жатышат.

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент

Добавить комментарий