2024-жылдын 25-сентябрынан 4-октябрына чейин кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун алдындагы гимназиянын окутуучулары менен окуучулары жаңы салынган Ак үй менен таанышып келишти.
Эң негизги максаты – окуучуларга мотивация берүү, таанып-билүү активдүүлүгүн өстүрүү үчүн шарттарды түзүү, Ак үй менен тааныштыруу, кыргыздын баалуулуктарын билүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү, логикалык ой жүгүртүүсүн, кызыгуусун, салыштырма анализ жүргүзүү жөндөмүн өнүктүрүү; «Манас» эпосун сүйүү, аны көздүн карегиндей сактоого тарбиялоо.
Кыргызстандын жүзү боло турган, заманбап салынган Ак үй менен балдар таанышышты. Жеткиликтүү формада аларга кыргыздын сыймыгы, улуу мурасы болгон руханий байлыгыбызды өстүрө турган «Манас» эпосу менен чагылдырылып жасалган залдары, алардын аталышы балдарды кызыктырбай койгон жок. Өзгөчө дизайн менен салынган бул имаратта кыргыздын мейман достугунун даңазалынышы, каада-салт, оюу-чиймелерибиздин чагылдырылышы, албетте, окуучулар үчүн Мекенге болгон сүйүүсүн арттырбай койгон жок. Дүйнөдө жок кыргыз баалуулуктарын чагылдырылып салынган ак үйүбүз мамлекетибиздин жүзү, сыймыгы, сыйлыгы болоорун айтышып, келечекте ошол жерде иштеп, элине кызмат кылуусуна чоң мотивация болду деген ойдо болдук. Ал үчүн балдар жакшы билимге ээ болуш керектигин, көп окуп, көптү үйрөнүү, адептүү жүрүшкө, талыкпай окуу керектигин балдар менен баарлашкан убакта билдик. Бул эксурсия окуучулар үчүн эсте калаарлык маанилүү күн бойдон калды. Жаңы маалыматтарды алып, кызыгуусу артты. Кыргызстандын өнүгүүсүнө зор салым кошуу сезимдерин ойготту.
Келечекте окууларын жакшы бүтүрүп, жакшы кызматтарга иштеп, мамлекетибизди алдыга өнуктүрүп, өркүндөтүп кете турган жаш муундун алдыга койгон максаттары орундалышына тилектешбиз.
(С) Бейшеналиева Бермет – ККджКЖ институтунун башкы-адиси


