Азыркы дүйнөдө билим берүү кызматтарын экспорттоо маселеси барган сайын актуалдуу маселеге айланып бара жатат. Дүйнөлүк экономиканын глобалдашуусу жана атаандаштыктын күчөшү менен, дүйнөлүк мыкты үлгүлөрдөн кем калбаган мыкты билим берүү системасын түзүүнү, эл аралык кызматташтыкты орнотууну, билим берүүдөгү экспорттук-импорттук кеңири байланыштарды жогорулатууну талап кылат.
Мына ушул багытта академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу үчүн Ж.Баласагын КУУнун профессору Т.С.Маразыков Казакстандын Караганды шаарындагы Бөкетов университетине барып, профессордук-окутуучулар жамаатына жана аспирант, докторанттарына “Коммуникация теориясы” боюнча 72 саат өлчөмүндө сабак өтүп келди.
Академиялык мобилдүүлүктүн башкы максаты – илим жана билим талаасында тажрыйба, программа алмашуу, эл аралык достукту, мамилени чыңдоо,жогорулатуу, профессордук-окутуучулар жамаатынын жана аспирант, докторанттардын теориялык билимин жана практикалык көндүмдөрүн тереңдетүү, университеттердин ортосундагы илимий-практикалык өнөктөштүктү чыңдоо болуп саналат.
(С) А.У.Акынбекова – кафедара башчысы, ф.и.д., профессор



