2024-жылдын 4-октябрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев Көк-Жар айылында жайгашкан №11-окуу имаратына барып, ал жердеги дарсканалар, лабораториялар жана Ганс Гросс атындагы криминалистикалык комплекс менен таанышып, окутуучулар жана студенттер менен жолугушту.

Аталган түзүмдөрдө аткарылып жаткан иштер, окуу процессинин жүрүшү жана окуу имаратындагы айрым маселелер тууралуу ректорго администртивдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов менен чарба бөлүмүнүн башчысы Алмаз Турдубаев маалымат беришти.

Добавить комментарий