2024-жылдын 4-октябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата тарых жана чөлкөм таануу институтунун илимий-изилдөөчүлүк, санариптик жана музей-билим берүүчүлүк борбору тарабынан даярдалган “Кыргызстан: Мамлекеттүүлүктүн урунтуу учурлары” аттуу китептин бет ачары болуп өттү.

Жыйындын модераторлук милдетин аталган борбордун жетекчиси, т.и.д., профессор Шайыргүл Батырбаева аткарды. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни аткарылып бүткөн соң, модератор сөз кезегин КУУнун ректору Догдурбек Чонтоевге берди.

Ректор Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 24-октябрында кол койгон “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” жарлыгына ылайык туптуура 10 күндөн кийин азыркы эгемендүү мамлекетибиздин башаты болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленээрин билдирип, бул окуяга карата тарых жана чөлкөм таануу институтунун илимий-изилдөөчүлүк, санариптик жана музей-билим берүүчүлүк борбору тарабынан кыргыз, орус тилдеринде даярдалган “Кыргызстан: мамлекеттүүлүктүн урунттуу учурлары” деген китептин бет ачары – 100 жылдык мааракенин урматына өткөрүлүп жаткан маанилүү иш чаралардын бири экенин белгиледи.

Догдурбек Чонтоев сөзүнүн соңунда китепти чыгарууга демилгечи болгон тарых жана чөлкөм таануу институтунун илимий-изилдөөчүлүк, санариптик жана музей-билим берүүчүлүк борборуна, басып чыгарууга көмөк көрсөткөн Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарынын коомдук  уюмдарына жана авторлорго ыраазычылык билдирүү менен, бул басылма тарыхты сактоого жана изилдөөгө орчундуу салым кошоорун белгилеп, бет ачары болуп жаткан китеп тарыхчыларга, изилдөөчүлөр менен студенттерге эле эмес, өлкөбүздүн өткөнү менен бүгүнкүсүнө кызыккан ар бир окурман үчүн кызыктуу жана пайдалуу болоорун билдирди.

Басылманын басмадан чыгышы менен жыйындын катышуучулары менен китептин авторлорун Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Айдарбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчуев жана Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Сергей Храмов куттукташты.

Китептин жазылуу тарыхы, кыскача мазмуну, негизги каармандары жана урунтуу учурлары тууралуу авторлор Зайнидин Курманов, Жолдошбек Ботоноев жана Гүлмира Джунушалиева айтып беришти.  

Иш чаранын соңунда КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев бет ачары болгон “Кыргызстан: Мамлекеттүүлүктүн урунтуу учурлары” деген китептин алгачкы нускаларын жыйындын сыйлуу меймандарына, о.э. Бишкек шаарындагы китепканалар менен жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнө тапшырды.

Добавить комментарий