2024-жылдын 4-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында КУУнун жамааты Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнүн белгиледи.
Майрамдык салтанат окуу жайдын таланттуу студенттеринин аткаруусундагы ыр-бий менен башталып, ректор Догдурбек Чонтоевдин куттуктоосу менен уланды. Ал өз сөзүндө мугалимдик кесип эң байыркы, эң ардактуу, эң сыймыктуу жана чоң жоопкерчиликтүү кесип экенин белгилеп, кесиптештерине бекем ден соолук, узун өмүр, кетпеген бакыт, жаш муундарды окутуп-тарбиялоодо чыгармачыл ийгиликтерди каалады жана Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата 2024-жылдын 1-октябрынан баштап Улуттук университеттин кызматкерлеринин айлык акысы 2500 сомго көтөрүлгөнүн билдирди.
Андан кийин Догдурбек Чонтоев көп жылдык үзурлүү эмгеги, ишиндеги ийгиликтери, келечек муундарды окутуп-тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүу тармагына кошкон салымы үчүн КУУнун айрым кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.
Окутуучулардын сыйлыктары
Сыйлыктар о.э. 16-сентябрда белгиленүүчү Күзөт кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата университеттин күзөт кызматкерлерине да берилди.
Күзөт кызматкерлеринин сыйлыктары
Майрамдык салтанат КУУнун таланттуу студенттеринин аткаруусундагы ыр-бий жана комуз күүлөрү менен коштолду.