2024-жылдын 30-сентябрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев эл аралык байланыштар жана чыгыш таануу, кыргыз-европа факультеттери жана компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту жайгашкан №1, медицина факультети жайгашкан №3-окуу имаратында болду. Ректор аталган объекттердеги дарсканалар, компьютердик класстар, ресурстук борборлор менен таанышып, студенттер жана окутуучулар менен жолугушту.

Аталган түзүмдөрдө аткарылып жаткан иштер, окуу процессинин жүрүшү жана окуу имаратындагы айрым маселелер тууралуу ректорго эл аралык байланыштар жана чыгыш таануу факультетинин деканы Нургүл Казак кызы, кыргыз-европа факультетинин деканы Анара Камалова, компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев жана медицина факультетинин деканы Чынгыз Узакбаев айтып беришти.

Ректор бул күнү о.э. №3-окуу имаратынын артындагы гараж, оңдоп-түзөө участогунда жана №6-окуу имаратында жайгашкан спорт залда болуп, ал жерде жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Кыдырууда ректорду чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов менен чарба бөлүмүнүн башчысы Алмаз Турдубаев коштоп жүрүштү.

№1-окуу имараты

№3-окуу имараты

№3-окуу имаратынын арты

№6-имараттагы спорт зал

Добавить комментарий