2024-жылдын 24-сентябрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев №5-окуу имаратына барып, ал жерде жайгашкан чет тилдер институту, социалдык-гуманитардык илимдер институту, кыргыз филологиясы факультети, орус жана славян филологиясы факультетинин дарсканалары, компьютердик класстары, студия менен таанышып, окуу түзүмдөрүнүн студенттери жана окутуучулары менен жолугушту. Ректор о.э. аталган окуу имаратынын подвалындагы типография жана короосунда жайгашкан гараж менен таанышты.
Өздөрү жетектеген түзүмдөрдөгү аткарылып жаткан иштер, окуу программалары жана келечек пландары тууралуу ректорго чет тилдер институтунун директору Кенжебай Уметов, социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Мырзабек Камчыбек уулу, кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев, орус жана славян филологиясы факультетинин деканы Нурайым Сардарбек кызыайтып беришти.
Кыдыруунун жүрүшүндө жетекчилер о.э. окуу имаратындагы айрым маселелер тууралуу сөз кылып, аларды чечүү боюнча сунуштарын айтышты.
Жолугушууга о.э. окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов менен административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов катышты.























