2024-жылдын 23-сентябрында эл аралык колледжде Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына карата «Элдин ѳмүрү – анын тилинде» аттуу салтанаттуу кече өткөрүлдү.
Майрамдык иш чарага инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова менен мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова катышып, куттуктоо сөздөрүн айтып, белектерин беришти.
Салтанаттуу кечеде студенттер комуз күүсүн чертип, насаат ырларын ырдап, бий бийлеп, макал, жаңылмач, табышмак, акыйнек айтышып өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Иш чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн «Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» деген дубал гезиттер сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр грамота, белектер менен сыйланышты.
Майрамдык кечени уюштурган колледждин кыргыз тил сабагынын окутуучусу З.Ш.Узекеева кыргыз тилди өнүктүрүү жана кийинки муундарга калтыруу – баарыбыздын милдетибиз экенин белгиледи.
(С) Узекеева Замира – эл аралык колледжинин окутуучусу
















