2024-жылдын 23-сентябрында №6-окуу имаратынын №2-дарсканасында география, экология жана туризм факультети Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Жыйынды тарбия иштери боюнча декандын орун басары Болот Шаршеев ачкан соң, кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамын алышы тууралуу видео тасма көрсөтүлдү.

Андан кийин физикалык жана экономикалык география кафедрасынын доценти Темир Кулматов агай чыгып сүйлөп, канчалаган кылымдардан бери келе жаткан улуттук тилибиздин майрамы менен жыйындын катышуучуларын куттуктады. – Бир элди бөлөк элден айырмалаган эң биринчи тил болот, – деп сөзүн улантты ал. – Биздин ата-бабаларыбыз эне тилибизди жоготпой, канчалык кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, ушул күнгө жетти. Совет мезгилинде ар кайсы илимий түшүнүктөр, терминдер башка тилде аталып, калыптанып калган. 1989-жылы Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынгандан тарта ар кандай илимий түшүнүктөр кыргыз тилине өзгөртүлө баштады. Эми илимий китеп жазсаңар, кыргыз тилинде жазса болот. Бул келечек муунга аябай жакшы жардам болот. Дагы бир жолу Мамлекеттик тил күнүңөр менен куттуктайм жана окууларыңарга ийгилик каалайм.

Мамлекеттик тил күнү тууралуу факультеттин окутуучулары сөз сүйлөгөн соң, майрамдык салтанат студенттер тарабынан даярдалган чакан концерт менен улантылды.

Добавить комментарий