2024-жылдын 24-сентябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында ректор Догдурбек Чонтоев университеттин кафедра башчылары жана билим берүү программаларынын жетекчилери менен жолугушту.

Жыйындын башында ректор кафедра башчылары менен билим берүү программаларынын жетекчилери университеттин негизги кыймылдаткыч, таяныч күчү экенин белгилеп, андан ары төмөнкүлөргө токтолду:

  1. Дарсканалар жетишпейт дейсиңер, бирок мен бүгүн 5, 6-окуу имараттарын кыдырып келдим – дарсканалардын жарымы бош;
  2. Улуттук университеттин Кыргызстандагы, Борбордук Азиядагы жана дүйнөдөгү рейтингин көтөрүүгө баарыбыз жардам берели, салым кошолу;
  3. Университетти 2022-2027-жылдарга стратегиялык өнүгүү планы жакшы түзүлгөн, бирок аны аткарууда деканаттар менен кафедралардын көрсөткүчтөрү анча эмес. Силерсиз жалгыз администрация эчтеке кыла албайт. Ошондуктан, аталган көрсөткүчтөрдү жакшыртыңыздар;
  4. Эмдиги жылы Улуттук университеттин 100 жылдыгы. Баарыбыз чогуу аракет кылып, бул датаны мамлекеттик деңгээлде өткөрүшүбүз керек. 100 жылдыкка 100 жакшы монография, окуу-методикалык комплекстерди чыгарышыбыз керек;
  5. Жатакана, окуу имараттары, спорт залдар – баары совет мезгилинде курулган. Аларды канча оңдоп-түзөп, кооздосоң деле заманбап көрүнбөйт. Ошондуктан, шаардан 15-20 гектар жер сурап, университеттин жаңы кампусун салсак – жатаканалар, окуу имараттары, спорт аянтчалары бир жерде болуп, рейтингге да таасирин тийгизмек;
  6. Мурдатан пландалган айлык акы көтөрүү боюнча. Быйылкы кабыл алуу жакшы болуп, кошумча булак табылды. 1-октябрдан баштап бардык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт;
  7. Улутубуздун жүзү болгон Улуттук университетте окуп-иштеп жатабыз. Ошондуктан, окутуучудан баштап студентке чейин дресс-кодду сактаңыздар. Айрыкча студенттердин окуу жайга спорт кийимчен (шымчан) келгени туура эмес. Саламдашканды да унутушпасын;
  8. Окуу жайда болуп аткан окуялар, өткөрүлүп жаткан иш чаралар тууралуу соцтармактарда жазып, бөлүшүп, комментарий жазып, университеттин имиджин көтөрөлү;
  9. Жетекчиси жамаатты укпаган ишкана-мекемеде өнүгүү болбойт. Ошондуктан, конструктивдүү сын-пикирлер болсо, жетекчилик угууга даяр.

Жыйындын соңунда Догдурбек Чонтоев жогоруда айтылган ар бир маселенин, иш чаранын “майда-чүйдөсүнө” чейин дыкат карап, олуттуу мамиле кылуу зарыл экендигин баса белгиледи жана алдыда боло турган кадрлык өзгөрүүлөр тууралуу кыскача маалымат берип, катышуучуларга ийгилик каалады.

Добавить комментарий